Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

17:15 “Ата Мекен” партиясы Ишенбай Кадырбековдун шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берилүүсүн БШКдан өтүнүүдө


Партия лидери Өмүрбек Текебаев бул маселени БШКнын төрайымы Клара Кабилова менен болгон бүгүнкү жолугушууда көтөрдү. Ал “Ата Мекен” партиясы тарабынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болуп көрсөтүлгөн Ишенбай Кадырбековдун айыптуулугу сот тарабынан аныктала электигин белгилеп, анын кыргыз жараны катары шайлоого катышууга укугу бардыгын, ал эми БШК шайлоо укугун көзөмөлдөөчү орган катары буга мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү тийиштигин билдирди. Жолугушууда ошондой эле партия тарабынан Бишкек шаардык кеңешке талапкер болуп катталган Бабырбек Жээнбековдун камакка алынышы тууралуу да сөз болуп, төрайым Клара Кабилова күч органдары БШКнын уруксатысыз талапкерлерди кармоого жана камоого акысы жоктугун белгилеп, алардын аракеттери мыйзамсыз болуп калгандыгын айтып кетти. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG