Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

20:15 Чолпон Орозобекова суракка чакырылууда


“Азаттыкка” келип түшкөн маалыматтар боюнча “Де-факто” гезитинин башкы редактору Бишкек ИИБне эртең эрте менен келип, сурак берип кетүүгө чакырылган. Бул маалыматты Бишкек ШИИБ тергөөчүсү Туратбек Байчаев төгүнгө чыгарган жок. Ошондой эле Чолпон Орозобековага сот чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалыматты да тастыктоодон баш тартты.
Чолпон Орозобековага салык тармагындагы коррупция тууралуу макалага байланыштуу кылмыш иши козголуп, сотко ашырылган. Мындан тышкары басылмага Биринчи Май райондук соту тарабынан дагы үч млн сомдук айыппул салынган. Кабарларда айтылгандай 9-сентябрь күнү “Алиби” гезитинин мурдагы баш редактору Бабырбек Жээнбеков Бишкек ШИИБне сурак берүүгө барган учурда камакка алынып, бүгүн бошотулду. “Алиби” жана “Де-факто” гезиттерине Биринчи Май райондук соту тарабынан президенттин иниси Асылбек Салиевдин ар-намысы үчүн 1 млн сомдон айыппул төлөө тууралуу чечим чыгарган. Укук коргоочулар, айрым саясий партиялар муну бийлик тарабынан сөз эркиндигине жасалган кысым катары баалашууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG