Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

7:09 Мелис Турганбаев үч гезитти сотко берди


Ички иштер министринин мурдагы 1-орун басары Мелис Турганбаев ар-намыс, аброюна шек келтирген макалаларды текшербей баскан деген негизде «Трибуна», «Энесай», «Бишкек таймс» гезиттерин сотко берди. Мелис Турганбаев тууралуу бул гезиттер Айнагүл аттуу мурда соттолгон кыздын арызынын негизинде материалдарды жарыялаган, Турганбаев болсо бул гезиттер атайын тапшырма менен аны бир жактуу каралаган деп эсептейт. Айта кете турган маалымат, августтун аягында Мелис Турганбаев министрдин биринчи орун басарлык кызматтан Маңзаттарга каршы күрөш агенттигинин директорлугуна дайындалган, бирок М.Турганбаев бул окуя боюнча кылмыш иши козголгону үчүн ал кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

XS
SM
MD
LG