Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

8:10 “Де-Факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова суракка чакырылды


Башкы редактор бүгүн саат тогузга Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылганын “Азаттыкка” адвокат Нина Зотова билдирди. Аны «Ачык саясат» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековду суракка алып камаган тергөөчү Турат Байчаев чакырып жатканы белгилүү болду. Бирок Чолпон Орозобекова суракка барар-барбасын азырынча чече элек. Адвокаттын айтымында, Бабырбек Жээнбеков камакка алынгандан кийин Бишкектен чыгып кеткен Чолпон Орозобекова кечээ кечинде кайра борборго кайтып келди.

XS
SM
MD
LG