“Ассошейтед Пресс” агенттигинин маалымдашынча, быйылкы жыл башынан бери Ооганстанда АКШнын 113 жоокери ажал тапкан. Ушуну менен бул жыл Ооганстандагы америкалык жоокерлер үчүн эң кандуу жыл болуп калды. Кечээ ооган президенти Хамид Карзай эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн жоочуларга каршы жаңы аскердик тактикасын кубаттады.