АКШ президенттигине талапкерлер Жон МакКейн менен Барак Обама жети жыл мурда 11-сентябрда болгон террорчулуктун курмандыктарын Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун ордунда өткөн эскерүү аземине катышышты. Республикалык партиядан талапкер Жон МакКейн жана анын Демократиялык партиянын атынан чыккан атаандашы Барак Обама ошол окуяга тартылган куткаруучулар, өрт өчүргүчтөр жана полиция кызматкерлери менен жолугушту. 2001-жылдын 11-сентябрында төрт жүргүнчү учактын экөөсү Дүйнөлүк соода борбордун мунараларын сүзгөн, үчүнчүсү Вашингтондо Пентагондун жанына, төртүнчүсү Пенсильвания штатынын аймагына кулаган эле. Жалпысынан ошол күнү 3 миңге жакын адам мерт болгон.