Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

11:45 ЮНЕСКОдо Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эскерүү кече өтөт


Бул тууралуу Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Жыргалбек Азылов менен аталган уюмдун башкы деректири Койчиро Матсууранын шейшембиде Парижде өткөн жолугушуусунда маалым болду. Анда тараптар өз ара кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Сулайман тоону дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кошуу, кыргыз тоолору боюнча иш-чараларды уюштуруу, 2009-жылы октябрда тоолорго арналган экинчи дүйнөлүк саммитти өткөрүү боюнча кеп козголду. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей К. Матсуура Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты, ЮНЕСКОдо улуу жазуучуну эскерүү кечесин уюштуруп өткөрүүгө баардык жардамдарды берүүгө даяр экендигин билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG