Бул тууралуу өлкөнүн биринчи Акыйкатчысы Турсунбай Бакир бүгүн маалымат жыйыны учурунда билдирди. Т.Бакир уулу бийлик тараптан саясый куугунтук болуп жатканын айтып, президентке ачык кат жолдоду. Т.Бакир уулу акыйкатчылык кызматында мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу башка кызмат сунуштоо маселеси боюнча президентке ушуну менен жетинчи ирээт кайрылууда. Т.Бакир уулунун айтымында, УКМКнын төрагасынын орун басарынын көрсөтмөсү жана учурдагы Акыйкатчы Т. Акундун макулдугу менен аталган мекеменин тергөөчүсү ага жалаа жабууну мажбурлап Омбудсмен аппаратынын кызматкерлерине каршы террор баштады. “Бул үчүн офисте атайын бөлмө бөлүнгөн, анда кызматкерлерден жазуу түрүндө мага каршы көрсөтмө алуу үчүн психологиялык кысым көрсөтүлүп жатат”, дейт Т. Бакир уулу. Мындан тышкары Т.Бакир уулу анын үйүн тартып алуу аракети жүрүп жатканын да белгиледи.(MSu)