Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

17:50 Быйыл ВИЧ илдетине чалдыккандардын теңинен көбү Ош шаарынын жана облусунун тургундары


Ош аймактык СПИДге каршы борборунун баш дарыгери Түгөлбай Мамаевдин билдирүүсүнө караганда, өткөн сегиз айдын ичинде республикада ВИЧ илдетина чалдыккан 347 киши катталган. Анын жарымынан көбү Ош облусунун жана шаарынын тургундары. Бул аймактын наркокөпүрөгө айланышы коркунучтуу дарттын көбөйүшүнө өбөлгө жаратууда. Оштук серепчи Асанбек Каркозуевдин белгилешинче, кыргыз өкмөтү улуттун саламатчылыгына кош көнүл мамиле жасап, атайын мамлекеттик программанын негизинде ВИЧ илдетин кыскартууга аракеттенбесе, жакынкы жылдары өлкөнүн дени сак жарандарына көп коркунуч туудурары шексиз. (ATo)

XS
SM
MD
LG