Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Ла Манштагы туннел жабык бойдон калууда


Расмий булактардын ырастоосунда, Ла Манш кысыгындагы суу астындагы туннелде чыккан өрт өчүрүлдү. Өрттүн айынан 10 чакты киши жаракат алды. Бирок Британия менен Францияны байланыштырган туннел жабык бойдон кала берүүдө. Натыйжада миңдеген жүргүнчүлөр эки жакка каттай албай калды. Жүк ташыган поездде чыккан өрттүн себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Англия менен Франциянын жана Белгиянын ортосунда жүргөн Eurostar поезддери күнүнө 26 миңдей кишини ары-бери ташыйт.

XS
SM
MD
LG