Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

07:10 Бүгүн жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талакерлердин үгүттөө иштери башталат


БШКнын аналитикалык иштер жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Жумагуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн эртең менен республика боюнча округдук комиссиялардан акыркы маалыматтар алынып, катталган талапкерлердин так саны түштөн кийин белгилүү болот. Маалыматтарга караганда, депутаттыкка талапкер катары катоодон өтүү үчүн 15 640дан ашуун жаран документтерин тапшырышты. Алардын 1200дөйү саясый партиялардан болсо, 14миңден ашууну өзүн өзү көрсөткөндөр. Ал эми жалпы мандаттын саны 7643. Шайлоо кодексине ылайык, үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат. Жергиликтүү жана шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо 5-октябрда өтөт.(MSu)

XS
SM
MD
LG