Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жекшембиде тараткан билдирүүсүндө белгиленет. Бирок атышуу учурунда кандайдыр бир жоготуу болгон-болбогону же баңги аткезчиси деп шектелгендерин канчасы кармалганы тууралуу расмий билдирүүдө эч нерсе айтылган эмес. Анын аралыгында Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Түркмөн кызматына азырынча тастыкталбаган маалымат түштү. Ага ылайык, атышуулар тыюу салынган Ислам тобунун мүчөлөрү менен коопсуздук күчтөрү ортосунда болгон жана андан каза тапкандар дагы, жаракат алгандар дагы бар.