Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Ооганстандын түштүгүндө унаага орнотулган бомба жарылды


Анда үч адам набыт болуп, 15ке жакын киши оор жаракат алды. Мерт кеткендердин экөө - Улуттар Уюму үчүн иштешкен эки оогандык дарыгерлер жана алардын айдоочусу болгону кабарланууда. Кандагар вилайетинин полиция башчысы Хан Катахтын айтымында, окуя Пакистандын чек арасынын жанындагы Спин-Болдак шаарындагы базарлардын биринде орун алган. Террорчулук үчүн жоопкерчиликти өзүнө талип жоочулары алды. Анын аралыгында Газни вилайетиндеги кыштактардын биринде алты өспүрүм көчөдө таап алган бомба менен ойноп жатып, анын жарылуусунан улам мерт кетишкени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG