Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

18:15 Облустун Аксы районунда 4 адам күйдүргүгө шектелип дарыланууда


Алардан азырынча күйдүргү дарты расмий түрдө аныктала элек. Ооруга шектелгендердин каны Ош менен Бишкекке текшерүүгө жиберилген. Ак-Суу айылындагы 17 үй бүлөө ооруга чалдыккан торпоктун этин бөлүп алышкан. Айыл тургундарынын 71и өз жериндеги дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Аксы районунда мурда күйдүргүнүн 14 очогу белгилүү болду. Быйыл бодо малга жетиштүү түрдө эмдөө жүргүзүлбөгөндүктөн уйдан чыккан күйдүргү кишилерге жуккан. Сузак жана Ноокен райондорунда он кишинин күйдүргүгө чалдыкканы расмий ырасталган. Июль айында бир киши бул дарттан каза болгон. (YA)

XS
SM
MD
LG