Президент Роберт Мугабе жана оппозиция лидерлери жетишкен келишимге ылайык, Мугабе президенттик бийлигинин бир катарынан ажырайт. Ал эми жаңы өкмөттү оппозициячыл ишмер Морган Цвингирай жетектейт. Келишим үч айдан берки Түштүк Африканын арачылыгы менен жүргөн сүйлөшүүнүн аркасында жетишилди.