Мындай пикирин коомдук ишмер Азимбек Бекназаров “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Саясатчынын айтымында, революциялык комитет жай айында элдин бийликке ишеними канчалык деңгээлде экенин билүү максатында республика боюнча мониторинг жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында былтыр элдин аткаминерлерге ишеними 50-60 пайыз болсо, быйыл 20 пайызга да жетпегени белгилүү болду. Беканазаровдун айтымында, элдин нааразылыгы айрыкча Жалал-Абат облусунда күчөп жатат. “Орозо айы бүткөн соң революциялык комитет өз ишмердүүлүгүн жер жерлерде жандантууну пландаштырып жатат”, дейт саясатчы.(MSu)