Кечээ өткөн кеңешмеде Түркмөн президенти Бердимухаммедов полиция, армия жана коопсуздук органдары баш калаа Ашхабадда куралдуу топ менен кагылышууда өздөрүн жакшы жагынан көрсөтө албаганын белгиледи. 13-сентябрда Ашхабадда атышуулар болуп, түркмөн бийлиги муну баңгисоодасы менен алектенген кылмыштуу топту нейтралдаштыруу өнөктүгү катары мүнөздөгөн.