Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

10:32 Электр энергиясына чектөөлөр Токтогул суу сактагычында сууну көбөйтүүдө


Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов кечээ президент Курманбек Бакиевге жолукканда айтты. Премьер министрдин айтымында, 15-сентябрда суунун көлөмү 9 594, 7 млн. куб метрди түздү. Акыркы үч күндө суу 16,5 млн. куб метрге көбөйдү. Электр энергиясын иштеп чыгуу ченеми 15,368 млн.квт. саат болууда. Ошондой эле Чудинов Бишкек ТЭЦине күнүнө 2- тоннадан көмүр жеткирилип жатат, 2100 тонна мазут бар деп билдирди. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты. Бир күн мурда өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков электр жарыгын өчүрүүнү 8 сааттан 10 саатка узартуу сунушу менен чыкты. Адистердин айтымында, Кыргызстанды кыштан чыгаруу үчүн 12 млрд. кубдан кем эмес суу талап кылынат. (BuS)

XS
SM
MD
LG