Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

КЫРГЫЗСТАН КАЙДА БАРАТАТ?


“Белый парус” гезити Юстиция министри Марат Кайыповду кызматтан алуу учуру эмнегедир Ниязов убагындагы Түркмөнстандын жолоюн эске салганын, анткени бул өлкөдө атка минерлерин ээрден шыпырарда телевизор аркылуу бүткүл эмгекчилеринин алдында келеке кылып туруп анан кетирерин эске салып, эми Марат Кайыповдон кийин кимдин кезеги келер экен, андайлар бизде толтура деп жазды “ Юстиция министри Марат Кайыповдун отставкасынан эмне үчүн саясый шоу жасашты?” деген макаласында

Элементардык маселелерди чечүүгө да жөндөмү жок бийликке элдин кыжыры келүүдө, кыскасы оппозициянын чабуулга өтүүсүнө ыңгайлуу шарттар жетиштүү, бирок калайык калктын супсунун далай ирет сууткан оппозиция эмес, элди идея үчүн бириктирген оппозиция барбы деп суроо салган макалада кыргыз оппозициясынын ушул таптагы абалына анализ жасалган.

“Суу ресурстарын Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара кызыкчылыктарына карата пайдалануу максатындагы интеграциялык маанилүү кадам ишке ашкан жок. Казак тарап менен баш оорутчу жагдай аз болсо дагы Кыргызстан үчүн өзбек тарап менен бир келишимге келүү кыйны бойдон кала берүүдө. Эми бул өлкө менен кимдер сүйлөшот. Депутаттарбы? Министрлерби? Кептин баары жогорудагы экөөнүн тең сүйлөшө албаганында жатат” деп маселе койгон ушул эле гезит, суу соода-сатыкка айлантчу буюм эместигин, эгер суу талашы туңгуюкка кептелсе, ал деген түштүк чегарадагы чыр-чатактын уюугуна айланарын түшүнүү керектигин, ушинтип сөзгө келбей тартыша берүүнүн акыры кезинде Ош жаңжалынын чыгышына алып келгенин, баарынан кейиштүүсү биздин министрлер тургай дипломаттар да өзбектер менен тил табышып сүйлөшкөндү билбей келаткандыгын, болбосо дүйнөдө чечилбей турган маселе жоктугун “Эмне үчүн кыргыз энергетиктери өзбектер менен тил табыша албай койду?” деген макалада баян кылды.

“Ачык сясат” гезити аркылуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда шайлоо алдындагы кырдаал кыйын жана опурталдуу экенин кыйытып, президенттин командасынын эки топко бөлүнүп тирешүүсү “жарылган баш бөрк ичинде, сынган кол жең ичинде” болуп калбай, гезит беттери аркылуу чабыша баштаганына караганда Курманбек Бакиев өз командасын кой дегенге алы келбей калганын билдирди деп айтты.

Ушул эле гезит “Бүгүн биздин өлкө тагдыр чечер маселелердин босогосунда турат. Кыргызстан эларалык коомчулуктун ааламында өз алдынча, эч кимге күнкор эмес, Борбор Азия чөлкөмүндөгү туруктуулук менен тынчтыктын фактору болгон суверендүү мамлекет катары жашап кете алабы же кудуреттүү коңшу-колоңдордун колундагы курал бойдон кала береби? Дүйнөлүк саясат океанында Кыргызстан аттуу кеме өз багыты менен сүзүп баратабы же шамал ооган жак менен кетип атабы? Мына ушунун баары кеменин штурвалын башкарган капитанга байланыштуу” деп сөз кылган аскер ардагери Имарали Кушмаитовдун макаласын басты.

“Ачкачылыкка, жакырчылыкка, жокчулукка, кымбатчылыкка чыдаган эл адилетсиздикке чыдай албайт. Ошондуктан эмики жалын жакында өтө турган жергиликтүү шайлоолордо тутанышы мүмкүн деп жазган “Кыргыз руху” гезити, бүгүн оппозициянын 2-тобуна Данияр Үсөнов менен Адахан Мадумаров башында турган топту кошсо болорун, буларды азыркы үйбүлөнүн эң таасирдүү инилеринин бири колдоорун, топко “алайлык күчтөр” деп аталгандардын лидерлери Марат Султанов, Ахматбек Келдибеков кирет дешерин, Үсөн Сыдыков менен Досбол Нур уулу да бул топко каршы эместигин, оппозициянын 3-тобунун башында Алмаз Атамбаев турарын, бирок анын ачык чыгышына Акүйдөн кетеринде Алмаздын мойнуна илинген орден мышайт этип жатканын, 4-топто Султан Урманаев, Муратбек Мукашев, Алмамбет Матубраимов бар экенин, булар болжолдуу саатын күтүп, карап турушканын, бирок ичинде бийлик менен компромиске барып жиберчүлөрү да чыкпай койбостугун, аларга Топчубек Тургуналиев, Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Абдыганы Эркебаев, Бегиш Ааматов өңдүү “ради саясат” үчүн жүргөндөр да барын белгилеп, ал эми Феликс Кулов жөнүндө сөз кылгандын өзү арсыздык болор эле деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргыз дыйканчылык институтунун башкы деректири, академик Жамин Акималиевдин айыл чарбасындагы үрөнчүлүк маселеси боюнча гезит кабарчысынын суроолоруна жообун жарыялады. Академик аксакал, күздүк эгиндин түшүмдүүлүгү жаздык эгинге салыштырганда 35 пайызга жогору болорун, ошондуктан быйыл күздүк аянттарды көбөйтүү зарылдыгын, өткөн жылы “жер каткалаң, айдасак кесек болуп чыгып жатат” деген шылтоо менен айрым райондор күздүк эгинди жетиштүү өлчөмдө айдабай койгонун, быйыл да ошол шылтоо кайталанышы мүмкүндүгүн “Үрөн чарбалары үрөй учурган абалда” деген интервьюсу аркылуу айтып чыкты.

Ушул эле интервьюнун жанына каты басылган кара-кулжалык мугалим Кичкин Жунусов эл жеке менчикчилдиктин тузун татып, самынына кирин жууп көргөнүн, өндүрүмсүз жеке чарба элди жарытпай, көбүн тентитип, калгандарын кедейчликтин сазына тыкканын, ошондуктан дыйкандарда кооперативге биригиүүдөн бөлөк жол калбагандыгын, академик Ж. Акималиевдин “Эмне деген элбиз, качан ойгонобуз?” деген макаласындагы айтылгандарды колдоп ушундай ойго келгенин жазып кайрылган.
XS
SM
MD
LG