Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

14:45 Кыргыз президенти түркмөн кесиптеши менен энергетика тууралуу сүйлөшкөнү ырастала элек


Түркмөнстандын TDH деген мамлекеттик маалымат агенттиги кечээ эки өлкөнүн мамлекет башчылары ортодогу кыматташтыктын жүрүшү тууралуу телефондо сүйлөшкөнүн кабарлаган. Аталган кабарда жакынкы мезгилдерде атайын кыргыз делегациясы Түркмөнстанга барып, энергетика жаатында сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганы айтылган. Кыргыз президентинин маалымат кызматынын жетекчиси Алмас Турдумамбетов бүгүн “Азаттыкка” эки президент телефон аркылуу сүйлөшкөнүн тастыктады, бирок энергетика жаатында сөз болгону тууралуу “маалымат жок” деп гана чектелди. Бүгүн болсо айрым маалымат каражаттары Кыргызстандын энергетика жана отун ресурстары министри С.Балкыбеков Тажикстандан жана Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоого жетишүү максатында бүгүн Тажикстанга кеткенин кабарлашкан. Ал кабарда министр Тажикстандан кийин Түркмөнстанга бараары айтылды. Бирок аталган министрликтен “Азаттыкка” билдиришкендей, бул кабар туура эмес. “Министр азырынча өзүнүн кызмат оордунда”, - деп билдиришти министрликтен. Бирок министр Тажикстанга бараарын ырасташты. “Министр бүгүн кечинде же эртең Тажикстанга жол алат”, - деп билдиришти министрдин кабылдамасынан. (TD)

XS
SM
MD
LG