Жогорку Кеңештин экономика, бюджет, каржы комитети Жаңы Салык Кодексинин долбоору боюнча жаңы сунуштарды угуу максатында уюштурду. Жаңы Кодекстин долбоорунда салыктардын мурдагы 16 түрүнүн ордуна 9 түрү киргизилген. Долбоорго ошондой эле кошумча нарк салыгын азайтуу, тамекиге акцизди 30%га көтөрүү, айыл чарба багытындагы жерге салыкты азайтуу өңдүү өзгөрүүлөр кирген. Учурда талаш туудурган башкы өзгөрүү соодага салык киргизүү болууда. Бул өзгөрүүгө каршы тарап бул салык инфляцияны күчөтүп жиберет деп чочулап жатат. Долбоордун биринчи окулушу июнь айында парламентте кабыл алынган, экинчи окулушу сентябрь айынын ичинде талкууланганы турат. Жогорку Кеңештин маалыматына караганда, коомчулуктан жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан 500дөн ашык сунуш түштү. (BuS)