Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

ТАШКЕН ЕВРОБИРИМДИКТИ ЧЕКТӨӨЛӨРҮН АЛЫП САЛУУГА ЧАКЫРДЫ


Ушул тапта Европа Биримдиги Өзбекстанга карата киргизилип, убактылуу токтотулуп турган визалык чектөө жана курал-жарак сатууга эмбарго маселесин кайра кароо үчүн камылга көрүүдө. Бул кайра кароо маселеси октябрда талкууга алынат. Ал эми кечээ (16-сентябрда) Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов Евробиримдиктин өкүлдөрү менен Брүсселде сүйлөшүү жүргүзгөн соң, Биримдикти кош саясаттын айынан өз өлкөсүнө карата негизсиз эле чектөө коюп жатат деп сынга алды.

Өзбек тышкы иштер министри Владимир Норовдун шейшембидеги Брүсселдеги Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрүнүн башкы темасы 2005-жылы май айындагы Анжыян кыргынынан соң бул өлкөгө Европа Биримдиги киргизген чектөөлөрдү алып салуу маселесине арналды.

Жүздөгөн карапайым кишилер жазыксыз жазаланып, набыт болгон Анжыян окуяларынан кийин Евробиримдик тарабынан Өзбекстанга курал-жарак сатууга тыйуу салынган. Бул чектөө азыр да күчүндө кала берүүдө.

Ал эми виза чектөөсү убактылуу токтотулган, бирок Анжыяндагы калайыкка каршы ок атууга буйрук кылгандыгы шектелген өзбек төбөлдөрү үчүн визалык чектөө дагы эле күчүндө турат.

Владимир Норов (Vladimir Norov) Европа Биримдигинин өкүлдөрүн дал ушул чектөөлөрдү биротоло алып салуу тууралуу ынандырууга далаалат кылды.

Шейшембидеги сүйлөшүүлөр айлампасынан соң, ал Европа Биримдигин өз өлкөсүнө карата тең жана калыс мамиле жасоого мындайча үндөдү:

- Биздин чөлкөмдөрүбүздүн өз ара алакалары тең укуктуулук, өз ара кадырлоо, бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө принциптерине жана тараптардын чыныгы кызыкчылыктарына төп келчү прагматикалык мамилеге негизделиши өзгөчө маанилүү.

Чектөөлөрдүн мөөнөтү 13-ноябрда соңуна чыгат, бирок октябрда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Өзбекстандагы кырдаал жана ага карата саясат тууралуу талкуу өткөрмөкчү.

Брүсселдеги дипломаттык чөйрөлөрдүн жоромолунда, визалык чектөө алынып салынышы ыктымал, бирок Ташкенге курал-жарак сатууга эмбарго дагы эле күчүндө кала бериши ажеп эмес.

Франциянын Европа иштери боюнча мамлекеттик катчысы Жан-Пьер Жуйе (Jean-Pierre Jouyet) быйыл июль айында Өзбекстанга барганын жана айрым жылыштар байкалганын өз көзү менен көргөнүн шейшембиде билдирди:

- Менин байкаганым – бир кыйла илгерилөөлөрдүн жүзөгө ашырылгандыгы болду. Норов мырза мындан аркы жылыштар тууралуу да милдеттенмелерди айтып өттү. Мындан ары да жасала турган кадамдар бардыгы ырас. Биз Өзбекстан өкмөтү аларды жүзөгө ашырат деп үмүттөнөбүз.

Жуйе мырза Өзбекстанда өлүм жазасы жоюлганына, айрым саясий камактагылардын боштондукка чыгарылганына оң баасын берди, бирок Ташкендин саясатында дагы эле кыйла мүчүлүштүктөр бар экенин белгиледи.

Өзбек тышкы иштер министри Норов болсо “Борбордук Азия калктарынын менталитетин жана салт-каадасындагы тарыхый-маданий өзгөчөлүктөрүн” Европа эсепке алууга тийиш жана Өзбекстан менен кызматташтык солгун болсо, анда Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы стратегиясы тууралуу былтыр кабыл алган долбоору жүзөгө толук ашпай, майнапсыз кала берет деп эскертти.

Айтмакчы, шейшембиде Брүсселде Европа Биримдиги менен Казакстандын да жылдык жолугушуусу болуп өттү. Анда отун-кубат маселесинен тышкары Грузия-Орусия жаңжалы сыяктуу маселелер да талкууланды. Кабарчыбыздын маалымдашынча, бул талкуу учурунда эч кандай өзгөчө жаңылык болгон жок.

Европа Биримдиги расмий Астананы 2010-жылы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагалыгын өткөрүп алганга чейин өлкөдө адам укуктары жана саясий реформалар жаатында жигердүү жылыштарды камсыз кылууга чакырып келет.

XS
SM
MD
LG