Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:06

07:35 “Мен ишенбейм” акциясынын катышуучуларын камакка алгандарды жоопко тартуу маселеси көтөрүлүүдө


Мындай демилге менен Акыйкатчы институтунун алдындагы жаштардын жана студенттердин укуктарын коргоо боюнча кеңешмеси чыгууда. Кеңешменин координатору Тимур Шайхутдиновдун айтымында, жаштарга карата репрессиялар кайталанбашы үчүн “Мен ишенбейм” акциясынын катышуучуларынын камакка алынышына жарандык коом өз баасын бериши керек. Жаштардын укуктарын коргоочулардын мындай демилгесин Акыйкатчы Т. Акун толук колдой тургандыгын “Азаттыкка” билдирди. Акыйкатчынын айтымында, жаштар көтөрүп жаткан бул маселе боюнча Кеңешме жана Акыйкатчы институтунун атынан кайрылуу жолдонот.(MSu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG