Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

08:10 А. Сарыбаев: Электр тармагын кризистик абалга алып келген аткаминерлердин жоопкерсиз мамилесинен карапайым калк жапа чегүүдө


Мындай пикирин экономист, энергетикалык кризистин себептерин аныктоо үчүн түзүлгөн коомдук комиссиянын жетекчиси Айылчы Сарыбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн энергетика тармагын ушундай катаал абалга алып келген аткаминерлер сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек. “Ал эми “Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмүнүн азайып кетишин табигатта суун аз болушуна байланыштырып жатышы элдин көзүнө чөп салгандык. Мындай катаал кырдаал аткаминерлердин жоопкерсизидигинен,коррупцияланашканынан болду, дейт А.Сарыбаев. Анын көз карашында, энергетикада кризис атайылап, “Токтогул” суу сактагычын кийин арзан баада сатуу максатында жасалышы да мүмкүн.(MSu)

XS
SM
MD
LG