Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

08:35 Б.Бешимов: Борбор Азия мамлекеттери интеграциялашпаса аймакта жалпы конфликттүү абал түзүлөт


Мындай пикирин “Азаттыкка” билдирген Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын депутаты Бакыт Бешимовдун айтымында, Борбор Азия эки сценарий менен барышы мүмкүн. Биринчиси, дейт Б.Бешимов, Борбор Азия мамлекеттери биригип иш алып барганда гана өнүгүп, учурда дүйнөлүк эл аралык мамилелерде түзүлүп жаткан оор абалдан чыга алат. Эгерде бул жол менен барбасак, анда экинчи сценарий менен барууга өбөлгө түзүлөт. Экинчи сценарий боюнча, эгерде аймакта интеграциялык процесстер күч албаса региондун ичинде газ, мунай, электр жарыгы, сууга байланыштуу чоң чатактар чыгышы мүмкүн. Мындай анализдер Борбор Азиянын өнүгүүсү боюнча алектенген эксперттердин пикирлеринин негизинде жасалды, дейт Б.Бешимов. Аталган тема боюнча Б.Бешимов бүгүн Борбор Азиядагы Америка университетинде “Борбор Азия үчүн 2008-2020-жылдарга сценарий: өнүгүү шарттарына сереп” деген аталышта дарс окуйт. Анда аталган аймактагы өлкөлөрдөгү саясий, социалдык-экономикалык реформалар, өнүгүү жолдору талданат.(MSu)

XS
SM
MD
LG