Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, өкмөт башчы Игорь Чудинов иш сапарынын учурунда Орусиянын премьер министри Владимир Путин, “Газпром” ишканасынын башчысы Алексей Миллер менен жолугушуп, экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде тоо-кен, ишкердик багытындагы кызматташтыкты кеңири жайылтуу маселесин талкуулашты. Маалымат кызматы Игорь Чудиновдун сапарын Орусия президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга сапарына камылга көрүү максатындагы катардагы иш сапар деп баалады. Президент Медведев Кыргызстанга КМШ мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында 10-октябрда келери күтүлүп жатат. (BuS)