Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

11:25 Айрым жерлерде паспортко жоолукчан сүрөткө түшүүгө уруксат берилбей жатат


“Мутакалим” мусулман аялдар коомунун башчысы Жамал Фронтбек кызы “Азаттыкка” курган маегинде айрым паспорт берилүүчү жайлардын башчылары былтыр августта жетишилген мекемелер аралык макулдашууну аткарбай, жоолукчан сүрөттү кабыл албай жатканын билдирди. Паспорт үстөл башчылары муну тиешелүү министрдин атайын буйругу жоктугу менен түшүндүрүп, натыйжада макулдашуу тууралуу алардын маалыматы жок экени айгинеленип жатат, дейт Фронтбек кызы. “Мутакалимдин” төрайымы бул маселенүү чечүү боюнча жакында акыйкатчыга жана депутаттарга кайрылуу болоорун кошумчалады. (EBM)

XS
SM
MD
LG