Аталган фонддон бул туурасында бүгүн кабарланды. Кабарда “Сорос” кору он беш жылдын ичинде Кыргызстандагы атуулдук коомдун өнүгүп калыптанышындагы негизги институттардын бири болуп калганы айтылат. Жакынкы бир жылга чукул убакта фонддун өзүндө бир катар жаңылануу болгону, натыйжада уюмдун ички мазмуну өзгөрбөстөн жаңы дайындоолор менен коштолгону кошумчаланган. Кумар Бекболотов Венгриядагы Борбордук-Европалык университетти аяктаган. Буга чейин Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча институттун (IWPR) Борбор Азиядагы программаларын жетектеп келген. (EBM)