Бул тууралуу бүгүн өлкө аймактарынан чогулуп келген мугалимдердин өкүлдөрү атайын “Азаттыкка” келип билдиришти. Жыйырма чакты мугалим бүгүн Жогорку Кеңеште да болуп, айлык боюнча карызды төлөп берүүнү кармап жаткан Каржы министрлигине нааразыланган кайрылуу жолдошту. Алар парламенттин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитеттин жетекчиси Иса Өмуркулов менен жолугушту. Өмүркулов бул маселе ЖКда каралат деп убада берди. Облусттадан келген мугалимдерди кечээ вице-премьер-министр Элмира Ибраимова кабыл алган. Ал дагы убада берген. Бирок мугалимдер өкмөттүн убадасына көп деле ишеним артпай, көйгөйлөрү жакында чечилбесе кескин нааразылык иш-чараларга барганы жатканын билдиришти. (EBM)
12:45 Мугалимдер педагогикалык стаж үчүн төлөмдөр берилбесе иш таштап, ачкачылык жарыялашат