Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

13:52 “Итек Эйр” өз күнөөсүн мойнуна албаса жабырлануучулар сотко беришет


Бул тууралуу кырсыкка учураган “Боинг-737” учагында жабыркагандардын туугандары бүгүн “АКИпресс” агенттигинде берген маалымат жыйынында билдиришти. Алардын көз карашында, авиакырсыкка “Итэк Эйр” компаниясына таандык “Боинг-737” учагынын учууга даяр эместиги себепкер. Жабырлануучулар көз карандысыз иликтөөлөр учактын 77% техникалык жактан жараксыз экендигин далилдөөдө деп билдиришти.
“Боинг-737” 24-августта Бишкектин жанындагы Жаңы жер айылынын жанына кулап түшүп, андагы 90 жүргүнчүнүн 65и мерт болгон. Мамлекеттер аралык авиация комитетинин техникалык комиссиясы учактын кулашына адам фактору себепкер деп тапкан. Кийинчерээк экипаждын командири Юрий Гончаров камакка алынган.
Мерт болгондордун туугандарына жана жабырлануучуларга мамлекет 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин төлөп бергендиги мурда маалымдалган. (BuS)

XS
SM
MD
LG