Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

15:01 Алишер Бейшеналиев: Газдын баасы 300 долларга чыгат деп күтүлүүдө


Бул тууралуу бүгүн кышка даярдык боюнча уюштурулган маалымат жыйынында “Бишкекгаз” башкармалыгынын башчысы Алишер Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, газдын такталган баасы Өзбекстандын “Узтрансгаз” ишканасы менен “Кыргызгаздын” макулдашуусунан кийин гана белгилүү болот. Келерки жыл үчүн Кыргызстан сатып ала турган газдын көлөмүн жана наркын тараптар ноябрь айында аныктайт. Бишкек шаарына быйыл 310 миллион кубометр газ керек. Бул өткөн жылдагыга караганда 50 миллион кубометрге көп. Бейшеналиев мунун себебин электр энергиясынан газды пайдаланууга өткөндөр көбөйүп жаткандыгы менен байланыштырды. Ошондуктан, “Бишкекгаз” газды пайдалануучулардан акы өндүрүү боюнча катуу чараларды көрүүгө аргасыз. “Кыргызгаздын” шаардыктардан 40 миллион сом аласасы бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG