Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

15:05 Кыргызстанда тажик тилиндеги алгачкы гезит чыга баштады


“Паёми Ала-Тоо” (“Ала-Тоо жарчысы”) деп аталган гезиттин алгачкы саны 15-сентябрда жарык көрдү жана басылма оболу айына бир жолу чыгарылып турмакчы. Социалдык-маданий багыттагы бул гезитти Абулкасим Фирдауси атындагы кайрымдуулук кору каржылоодо. Аталган фонддун түзүүчүлөрүнүн бири Шоиста Равшанова “Азаттыкка” басылманын башкы максаты тажик тилин жана маданиятын сактоо, улуттар аралык мамилени өнүктүрүү экенин билдирди. Ш. Равшанова жакында тажик тилинде окуучулар, жаштар жана үй-бүлөлөргө арналган бир топ китептер басылып чыгаарын, Кыргызстанда тажиктер көп жашаган аймактардагы мектептерде тажик класстарын ачуу каралып жатканын кошумчалады. Расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда элүү миңге жакын тажик жашайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG