Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:03

Йеменде АКШ элчилиги алдындагы жарылууда, атышууда бир нече адам каза тапты


Йемендин Коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, каза тапкандардын саны кеминде сегиз, алардын төртөөсү кол салгандар. Башка булактар болсо мындан жогорку цифраны айтышууда.

Күбөлөрдүн айтымында, АКШнын Йемендин борбору Сана шаарындагы элчилиги алдында оболу миналанган автоунаа жарылган. Мунун соңунан экинчи жарылуу болуп, арты атышуу менен коштолгон.
Йемен кезинде "ал-Каида" лидери Усама бин –Ладен мекендеген жер катары эсептелчи. Быйыл эле "ал-Каиданын" байланышы бар бир нече кол салуулар орун алды.
Быйыл мартта эле АКШ элчилиги бутага алынган кол салууга "ал-Каида" менен алакасы бар топ жоопкер болуп, бирок анда элчиликке коңшу мектептен окуучу кыз гана жаракат алган.
Бүгүнкү кол салуу үчүн болсо Йемендеги Ислам жихады деп атаган топ жоопкерчилик алды.
АКШ элчилигинин билдиргенине караганда, анын кызматкерлер жабыр тарткан жок.

XS
SM
MD
LG