Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

АКШ өкмөтү дүйнөдөгү эң ири камсыздандыруу компаниясына чукул насыя ажыратууну кароодо


85 миллиард доллардык насыя бүткүл дүйнө боюнча иш жүргүзгөн American International Group (AIG) камсыздандыруу компаниясын банкроттуктан сактоо үчүн берилүүдө. АКШнын Борбордук банкы- Федералдык резерв системасынын билдирүүсүнө караганда, жетишилген макулдашууга ылайык өкмөт аталган компаниянын баалуу кагаздарынын 80 пайызга жакынын алат. Ак үйдүн билдиргенине караганда, мындай кадам каржы базарларын турукташтыруу жана жалпы экономика тийүүчү зыянды азайтуу үчүн жасалды. АКШнын өкмөтү банкрот абалына кептелген камсыздандыруу компаниясына насыя берип жатканы жарыяланган соң, Азиянын базарларында акциялардын жана мунайдын баасы көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG