Билим алуу жана дин эркиндиги бузулганына нааразы болгон энелер менен кыздар мыйзамсыздыктарга каршы турган облустагы “Адилеттик” (Справедливость) уюмуна жана маалымат каражаттарына кайрылышты. Мектепке жоолукчан барганы үчүн Камалдин кызы Айжаркын тогуз күн, Рахматкулова Зилола бир апта окуудан калууга аргасыз болушкан. Айжаркын өзү окуган 14-мектепте бүгүн да окуу бөлүмүнүн башчысынын жемесине кабылган. 12 күн окубай калган Фарида Атабаева менен сиңдиси Муаззамды № 3-орто мектепке кире албай бушайман болушууда. Ал эми башка мектептер аларды кабыл алуудан баш тартышкан. Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармасы болсо аты аталган окуучулар дин ишмерлеринин таасиринде калганын, эч кандай укуктары бузулбаганын, диний экстремизмди ооздуктоо үчүн ар бир мектептин өз уставы иштеп жаткандыгын маалымдады. Маалыматтар боюнча облуста быйыл 143 бала окууга тартылбай калган. (YA)