Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:54

Йеменде АКШ элчилигинин жанындагы жарылуу менен атышуудан кеминде он алты адам каза тапты


Йемен бийликтеринин билдиргенине караганда, алардын алтоосу көөпсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү, алтоосу кол салгандар, төртөөсү окуяга күбө болгондор.
Күбөлөрдүн айтымында, Йемендин борбору Сана шаарындагы АКШнын элчилиги алдында оболу миналанган автоунаа жарылып арты атышуу менен коштолгон.
Йемен "ал-Каида" лидери Усама бин –Ладендин түпкү мекени катары эсептелинет. Быйыл эле "ал-Каиданын" байланышы бар бир нече кол салуулар орун алды.
Быйыл мартта эле АКШ элчилиги бутага алынган кол салууга "ал-Каида" менен алакасы бар топ жоопкер болуп, бирок анда элчиликке коңшу мектептен окуучу кыз гана жаракат алган.
Бүгүнкү кол салуу үчүн болсо Йемендеги Ислам жихады деп атаган топ жоопкерчилик алды.
АКШ элчилигинин билдиргенине караганда, анын кызматкерлер жабыр тарткан жок.

XS
SM
MD
LG