Бул тууралуу билдирген адвокат Нина Зотованын айтымында, сот жараяны Ленин райондук сотунда өтөт. Америкалык аскерий аба базанын аскери, АКШнын жараны Фусавад Чунламаниге Кылмыш кодексинин 176чы “Мүлктү байкабастыктан жок кылуу же зыянга учуратуу” беренеси боюнча айып тагылууда. Чунламани ижарага алып жашаган үйдө ушул жылдын 20-апрелинде өрт чыгып, өрт ачык оттон чыккан деген бүтүм чыккан. Ал эми Фусавад Чунламани эксперттик лабораториянын бүтүмүнө макул болбой, келтирилген чыгымды төлөөдөн баш тарткандан улам, уйдүн кожоюндары тиешелүү органдарга кайрылышкан. Үйдүн кожоюндары келтирилген чыгымдар үчүн Чунламаниден 50 миң доллар төлөп берүүнү талап кылышкан. Көз карандысыз экпертиза борборунун маалыматына ылайык, өрт 1 миллион 832 миң сом, башкача айтканда 30 миң доллар өлчөмүндө зыян алып келген. Аталган беренеде эң аз айлык акынын 50 өлчөмүнө чейин айып төлөө, 150 сааттан 240 саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазалоо каралган.(MSu)