Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

10:49 Депутаттар өлкөдөгү авиация тармагындагы маселелерди көтөрүп чыгышты


Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда бир нече депутаттар авиация тармагындагы проблемаларды көтөрүп чыгышты. Депутат Иса Өмүркулов 24-августта “Боинг 737” учагынын кыйрашынын себептери тууралуу өкмөттүн отчетун угуу тууралуу сунуш жасады. Андан соң Алишер Мамасалиев өкмөттөн улуттук “Кыргызстан” авиакомпаниясынын өнүгүү концепсиясы жөнүндө маалымат берүүсүн талап кылды. Ал ошондой эле аталган компания тарабынан эскирген “Боинг 737-200” учагынын сатып алынышынын дагы түшүндүрмөсү керек деп билдирди. (AiJu)

XS
SM
MD
LG