Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

11:31 Кытайда Кыргызстан маданият күндөрү өтөт

Бээжинде өтчү Кыргызстан маданият күндөрү 23-сентябрда башталат. Бул иш-чараны өткөрүүгө эмки жумада Кытайга маданият жана маалымат министри Султан Раев баш болгон искусство өкүлдөрүнөн турган делегация жөнөп кетет. Жыйырма алтынчы сентябрда делегация Азия искусство фестивалына катышат. Аталган иш-чаранын ачылыш аземине Кытай, Кыргызстан, Малайзия өңдүү бир нече мамлекеттердин маданият министрлери катышат. Бул тууралуу маданият жана маалымат министрлигинен кабарлашты. (AiJu)
XS
SM
MD
LG