Форум борбордогу “Достук” мейманканасында өтүүдө. Анын катышуучулары өлкөдөгү экономикалык, энергетикалык кризистен чыгуу, азык-түлүк коопсузудугун камсыздоо боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтууда. Маселен, Турдакун Усубалиев кант кызылчасын өстүрүү, айыл чарбасын, жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнү сунуштады. “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылын мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиев жетектейт. (AiT)