Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:28

15:46 Күзүндө былтыркыга караганда көп буудай себилет


Быйыл күзгү буудай 280 миң гектар аянтка себилет, бул былтыркыга караганда элүү беш миңге көп. Бул тууралуу айыл жана суу чарба министрлиги кабарлайт. Маалымдалгандай, эгиндин түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн, күзгү буудай мыкты сугарылган жерлерге гана себилет. Күзгү талаа иштерин ойдогудай жүргүзүү үчүн “Айыл Банкы” тарабынан жүз кырк миллион сом акчалай насыя каралган. Бул каражаттын 80 миллиону элеттик дыйкандарга буудай уругун, жер семирткичтерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга берилет. Ал эми калган 60 миллион сом жаңы, мыкты уруктарды сатып алуу үчүн атайын чарбаларга берилет. (AiJu)

XS
SM
MD
LG