Анда бүгүнкү экономикалык абалдан, энергетикалык кризистен чыгуунун жолу сунушталмакчы. Кыймыл уюштурган бүгүнкү форумда энергетикалык кризистен чыгуунун бир жолу катары коңшу мамлекеттерден 1 миллиард килловат саат электр энергиясын сатып алууну сунуштоодо. Форум учурунда Революциялык комитеттин айрым мүчөлөрү президент Курманбек Бакиев революциялык жол менен кызматтан кетирүү чакырыгын ташташты. Бирок форумдун жетекчилиги алгач президентке сунуш менен чыгууну жакташаарын, эгерде майнап чыкпаса, андан кийинки кадамдарды ойлонушаарын билдиришти.(AiT)