Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

17:35 Баткен губернатору М.Жумабеков «Агым» жана «КабарЮг» гезиттерине жарыяланган маалыматтарды төгүндөдү


Баткен облусунун башчысы Марат Жумабеков, «Агым» гезитине жарыяланган «Баткен губернатору пайгамбар жашына келип Кадамжайдан төшөк жаңыртты» жана Ош шаарында чыгарыла турган «КабарЮг» гезитине жазылган «Акимдиктен куулсан губернаторлукка» деген маалыматтарды төгүнгө чыгарганын «Азаттыкка» билдирди. Губернатордун айтымында, бул маалыматтарды көчө сөзүн жыйган ушакчылар жазган. Чыныгы журналист ысымын жашыруун кылып, жалганды чагылдырбайт. Баткен губернатору ошондой эле аты аталган гезиттерди сотко берүүдөн алыс экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG