Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Орусиянын президенти Д.Медведев өлкөдөгү каржы базарындагы стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн 500 миллиард рубль бөлүүнү өкмөткө сунуш кылды


Каржы базарларындагы кырдаалга арналган кеңешмеде Медведев баш аламандыкты алдын алуу үчүн Орусиянын экономикасында резервдер жетиштүү болгонун белгиледи. 15-сентябрда АКШдагы ипотекалык кризистен кийин миллиарддаган долларга чыгым болгон Lehman Brothers банкы банкрот абалында турганын жарыялагандан көп өтпөй дүйнөнүн каржы базарларында акциялардын баасы чукул арзандай баштаган. Шаршембиде болсо орус биржаларындагы баалуу кагаздар менен акциялардын наркы арзандап кеткендиктен, соода токтотулган.

XS
SM
MD
LG