Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

11:40 Кыргызстанда баңгизаттарын соодалоого каршы ишти беш министрлик жүргүзөт


Алардын катарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрилиги, Бажы комитети, Чек ара кызматы жана Баңгизаттарына каршы күрөш боюнча агенттик бар. Ал эми АКШда 17 мекеме наркобизнеске каршы күрөш жүргүзөт. Ошондуктан бир катар мекемелердин өз багыты менен иштеши максатка ылайыктуу. Анткени бир мекеме күрөш жүргүзсө коррупция күч алат, деп белгиледи баңгизаттарына каршы күрөш боюнча агенттиктин башчысы Болотбек Ногойбаев. Анын маалыматы боюнча, Ооганстанда бүгүнкү күндө 3.5 миң тонна героин турат. Алар ташылган негизги жолдордун бири Кыргызстан болуп калды. Ошондуктан ага каршы күрөш боюнча уюмдар түзүлүүдө, деп белгиледи парламентте Ногойбаев. Жогорку Кеңеште Азербайжан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан ортосунда баңгизаттарын мыйзамсыз соодалоого каршы күрөшүү боюнча Борбор Азия регионалдык координациялык борбор түзүү боюнча келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамды кароодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG