“Агым” гезитине 2-майда жарыяланган “Джек потрошитель” аттуу макалада Аликбек Жекшенкуловдун 1990-жылдары Ош шаарында кыздын өлүмүнө тиешеси бар экендиги жазылган. Макалада айтылган маалыматтар чындыкка дал келбесин белгилеген Жекшенкулов жана кыздын жакындары сотко кайрылып, Жекшенкулов тарткан моралдык зыяны үчүн 2 миллион сом, кыздын жакындары 2 миллион сом гезиттен өндүрүп берүү талабын койгон. Биринчи май райондук соту арызды карап, макалада айтылгандар чындыкка дал келбесин белгилеп, Жекшенкуловдун пайдасына 25 миң төлөп берүүнү гезитке милдеттендирген. Аппеляциялык арыз менен кайрылган Жекшенкулов макаланын авторуна кылмыш ишин козгоону талап кылган. Бирок Бишкек шаардык соту 19-сентябрда арызды карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов адвокаты “Азаттыкка” билдирди. (AiT)