Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:38

Ооганстандын президенти шаршембинин кечинде болгон окуяга өкүнүчүн билдирди


Австралиянын аскерлери катышкан ок атышууда Урузган провинциясынын мурдагы полиция башчысы, Хора чөлкөмүнүн губернатору жана бир катар башка адамдар набыт болушкан.
Карзай жасаган билдирүүдө айтылгандай, кырсык ооган жана чет өлкөлүк аскерлер ортосундагы өз ара түшүнбөстүктөн келип чыккан. Австралиянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү окуя боюнча иликтөө болоорун маалымдады. Анын айтымында, азырынча губернатордун австралиялык жоокерлердин огунан өлгөнүн далилдөө мүмкүн эмес.
НАТОнун бейпилдик күчтөрү болсо тергөө Ооганстандын ички иштер министрлиги менен биргелешип жүргүзүлөөрүн билдиришти.
Анын аралыгында Ооган аскерлери жана АКШ баштаган коалициялык күчтөр өлкөнүн чыгышындагы Кабулга жакын шаарда эки согушкерди өлтүрүп, талип башчыларынын бирин кошуп алты адамды камакка алды.
АКШнын аскер күчтөрү билдиргендей, алар өкмөттүк аскерлер менен бирге Суроби районунда талиптердин башчысы жана анын өнөктөштөрү жашаган үйдү акмалоого алып колго түшүрүшкөн.


.

XS
SM
MD
LG