Пентагондун башчысы Роберт Гейтс Лондондогу жыйындын алдында белгилегендей, Москванын Грузиядагы аракеттерине кантип жооп бериш керек деген маселе альянстын мүчөлөрү арасында пикир келишпестикти пайда кылган. «Тактап айтканда, Чыгыш жана Батыш Европа өлкөлөрү ар башка көз карашты карманышууда. НАТО Орусия менен мамилелеринде провокацияларга жол бербөөгө тийиш», - деди Гейтс.