Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

10:48 Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 15 миңден ашуун талапкер ат салышат


5-октябрга белгиленген бул шайлоого бардыгы болуп 15139 талапкер катталды. Алар өлкөдөгү шаардык, райондук жана айылдык кеңештердеги 7643 депутаттык орун үчүн ат салышмакчы. Катталган жалпы талапкерлердин 21 пайызы, тактап айтканда 2633ү аялдар. Жалпысынан бул шайлоо үчүн 16 миңге жакын талапкер көрсөтүлгөн. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүү жана ага даярдык көрүү боюнча түзүлгөн республикалык штабдын өкмөт үйүндө өткөн кечээки жыйынында сөз болгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Штабды биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев жетектейт.(SM)

XS
SM
MD
LG