Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 07:49

17:10 Өзгөн районундагы эки мектептин окуучулары чатырларда билим алууда


Ата-энелер өкүлдөрүнүн “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Өзгөн районундагы Эгемжаров жана Чомо баатыр атындагы орто мектептеринин окуучулары дале чатырларда билим алышууда. Эртели-кеч суук болгондуктан балдар массалык түрдө ооруп калышы ыктымал. Ал эми жаңы мектептердин курулуш иштери качан бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылаары белгисиз. Өзгөн районунун акиминин орунбасары Матлюба Шарипова ата-энелердин маалыматын тастыктап Эгемжаров мектеби 20-октябрда, Чомо баатыр мектеби 1-ноябрда ачылаарын билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG